Канат Табалдиев УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгын жетектейт
президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү
4 март

Канат Табалдиев УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгын жетектейт

Канат Табалдиев УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси кызматына киришти. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Жаңы жетекчини 3-мартта УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев жамаатына тааныштырган.

Иш-чарага КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, алардын орун басарлары, ошондой эле облустук укук коргоо органдарынын жетекчилери катышып, Канат Табалдиевдин жаңы кызматында ийгиликтерди каалашты.