Баткен ОИИБ
4 март
Кибер кылмыштуулуктун алдын алуу. Баткенде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин М.М.Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун мугалимдер жамаатына жана студенттерине 3-мартта кибер кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча сабак өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Сабактын жүрүшүндө интернет-алдамчылыктын ыкмалары жана түрлөрү, өзгөчө «дроппер» түшүнүгү боюнча кеңири маалымат берилип, коопсуздук эрежелери түшүндүрүлдү.
Ошондой эле катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп кайтарылып, пикир алышуу болду.
