Кыргызстанда үч жашка чейинки ар бир бала ай сайын 1200 сомдон алат
Кыргызстанда үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» жөлөкпулу киргизилет.
Тиешелүү токтомго 2026-жылдын 15-июнунда кол коюлду.
Документке ылайык, үч жашка чейинки ар бир балага ай сайын 1200 сом төлөнөт. Социалдык колдоонун жаңы чарасы эрте курактагы балдардын өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, балдар арасындагы жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүгө жана кичинекей балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган.
Жөлөкпул дайындоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында мамлекеттик органдар «Түндүк» системасы аркылуу балдардын төрөлүшү тууралуу маалыматтарды автоматтык түрдө алмашууну камсыздайт. Маалыматтар саламаттык сактоо мекемелеринен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөрүлүп берилет.
Мындан тышкары, медициналык кызматкерлер баланын үч жашка чыкканга чейинки мезгилинде үйгө баруу, эмдөө жүргүзүү жана ден соолугуна байкоо салуу учурунда ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө жөлөкпул алуу укугу тууралуу маалымат беришет.
Ошондой эле мамлекеттик органдар баланын санариптик медициналык картасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздап, үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдү каттоо системасын өркүндөтүшөт.
Министрлер Кабинети белгилегендей, «Бала ырысы» жөлөкпулунун киргизилиши балалуу үй-бүлөлөрдү колдоонун негизги чараларынын бири болуп, миңдеген кыргызстандык үй-бүлөлөрдүн социалдык абалын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
