14 чет өлкөлүк жаран Кыргызстанга психотроптук заттарды мыйзамсыз алып кирүү аракет кылган
2026-жылдын башынан тартып Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Мамлекеттик бажы кызматынын «Манас» бажы постунун кызматкерлери менен биргеликте чет өлкөлүк жарандар тарабынан психотроптук заттарды жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алып кирүү аракеттерине бөгөт койду.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 14 чет өлкөлүк жаран кармалып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 600 даана таблетка, 150 даана капсула жана 10 даана спрей алынды.
Учурда бул фактылар боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эскертет: баңгизаттарды, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун, прекурсорлорду жана күчтүү таасир этүүчү заттарды мыйзамсыз алып кирүү, сактоо, ташуу, даярдоо, сатуу же аларга байланыштуу башка мыйзамсыз аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
