Мыйзам чыгаруу иши толугу менен санариптештирилүүдө
Жогорку Кеңештеги мыйзам чыгарууга байланышкан документ жүгүртүү иштерин санариптештирүүнүн алкагында бүгүнкү күндөн тарта кабыл алынган мыйзамдар Президенттин кол коюусуна электрондук форматта жөнөтүлө баштады.
Бүгүн, 4-июнда Төрага Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеште кабыл алынган мыйзамга өзү электрондук кол тамгасын коюп, Президенттин кароосуна жөнөтүү менен парламентти санариптештирүүгө багытталган иштердин кезектеги этабына старт берди. Мындан ары бардык мыйзам долбоорлору жана аларга тиркелген коштоочу документтер парламенттин кароосуна да электрондук форматта киргизилет. Кабыл алынгандан кийин дагы электрондук кол тамгалар коюлуп, Президентке жөнөтүлөт. Бул багытта Жогорку Кеңештин Регламентине да тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.
Буга чейин комитеттердин жыйындарына маселеге тиешелүү жактарды онлайн катыштырууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, туруктуу негизде өтүүдө. Ошондой эле коомдук кабылдаманын иши да толугу менен санариптештирилип, жасалма интеллекттин жардамы менен жарандардын кайрылууларын электрондук форматта кабыл алуу жүргүзүлүүдө.
Мындай кадамдар документ жүгүртүүнүн ыкчамдыгын жана натыйжалуулугун камсыздоого, документтерди сактоо жана издөө процесстерин жеңилдетүүгө жана депутаттар менен жарандардын байланышын чыңдоого өбөлгө түзүүдө.
