Ош шаарындагы темир усталар иштеген жер заманбап туристтик жайга айланат
20 февраль

Ош шаарындагы темир усталар иштеген жер заманбап туристтик жайга айланат

Ош шаарынын мэри Жанар Акаев эски Ош базарын кыдыруунун алкагында темир усталар менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө шаар башчысы базардын учурдагы абалына көңүл буруп, усталар иштеп жаткан жайларды заманбап талаптарга ылайык иретке келтирүү, санитардык жана коопсуздук шарттарын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Мэр аталган аймакты иретке келтирип, улуттук кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө багытталган туристтик шаарчага айландыруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Ошондой эле бул аймак соода-сатык жүргүзүлүүчү жайга айланбай, негизинен кол өнөрчүлөрдүн шаарчасы катары иш алып барарын белгиледи.