Баткенде ири суммадагы акча алдамчылык жолу менен алынган факты аныкталды
Баткен шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Шаардык ички иштер бөлүмүнө 52 жаштагы Ы.А. аттуу жаран кайрылып, 2022-жылдын май айында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын тургуну Б.Б.А. аттуу жаран автоунаа алып берем деп убада кылып, алдоо жолу менен 5 000 АКШ долларын алып, ушул күнгө чейин кайтарбай жүргөндүгүн билдирген.
Бул факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча катталып, кылмыш иши козголгон. Баткен ШИИБ тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөөлөрдүн жыйынтыгында шектүү жаран Бишкек шаарында кармалып, Баткенге жеткирилди.
Учурда тергөө иштери улантылууда.
