www
9 июль
Орунтаев МИКтин үйлөрүндөгү унаа токтотуучу жайлар жөнүндө: алгач батирге насыя, андан кийин унаа алуу
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан курулган турак жайларда унаа токтотуучу жайлардын саны эмне үчүн аз каралганын түшүндүрдү.
Анын айтымында, МИК калктын социалдык жактан аярлуу катмарын турак жай менен камсыздоого багытталган социалдык долбоор. Бул программа боюнча батирлер жарандарга 25 жылдык мөөнөткө бөлүп төлөө шарты менен берилет.
Министр белгилегендей, мындай турак жайларды долбоорлоодо негизги артыкчылык жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууга берилет.
«Баарыбыз эле унаа айдагыбыз келет. Бирок адегенде ипотеканы төлөп бүтүрүп, анан машина сатып алалы. Кандай дейсиздер?» – деди министр «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында.
