Жалал-Абад шаарында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эки көчө ачылды
15 июль

Жалал-Абад шаарында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эки көчө ачылды

Жалал-Абад шаарында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн М.Исакулов жана Эркиндик көчөлөрү ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков катышкан. 

Аталган эки көчө тең жергиликтүү бюджеттен эсебинен оңдолгон.

Шаар мэри аталган көчөлөр буга чейин тар жана тегиз эмес болуп, айдоочуларды бир топ түйшүккө салып келгенин, учурда аталган жолдор кеңейтилип, атайын унааларды токтотуучу жайларыда каралганын белгиледи.

М.Исакулов көчөсүнүн асфальт төшөлгөн бөлүгү 420 метр, туурасы 13,5 метрди түзөт. Ал эми Эркиндик көчөсүнүн кеңейтилип, асфальт төшөлгөн бөлүгү 210 метрди, туурасы 14 метрди түзөт.

Белгилей кетсек, аталган көчөлөргө асфальт төшөөдөн сырткары эки тарабына тротуар куруу, темир-бетон арык куурларын жаткыруу жумуштары да жүргүзүлдү. Курулуш иштерин жергиликтүү бюджеттен мэриянын жол башкармалыгы жүргүздү.