МИКтин өкүлү: Бир бөлмө батир үчүн ай сайын төлөнчү төлөм 15 миңге айланууда
Депутат Алтынбек Кылычбаев Жогорку Кеңештин жыйынында мугалимдерди турак жай менен камсыз кылуу маселесин көтөрдү.
Ал Министрлер Кабинетинин отчетунда күч түзүмдөрүнүн 300гө жакын кызматкерлери турак жай менен камсыздалганы белгиленгенин айтып, ушундай эле жол менен мугалимдерди да үйлүү кылууну сунуштады.
МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев айтылган күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине батирлер ипотекалык түрдө берилгенин эске салды.
“Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу эч кимге бекер үй берилбейт. Өзүнүн шарттары бар”, – деди.
МИКтин өкүлү мугалимдерге жана дарыгерлерге ипотекалык жакшы шарттар түзүлгөнүн, алар 4 пайыз менен, 25 жылга, баштапкы төлөмү жок алып жатышканын билдирди.
“Биз башка өлкөлөрдүн компаниялары менен жумушчу жолугушууларды өткөрүп турабыз. Биздикиндей жеңилдетилген шарт бир дагы өлкөдө жок. Азыр билесиз, времянканын ижара акысы 30 миң болууда. А МИКтин бир бөлмө батири үчүн ар айдагы төлөм негизги сумма менен пайызды кошкондо15 миң болууда. Мындан өткөн жеңилдик жок”, – деди.
Алтынбек Кылычбаев мугалимдердин бүгүнкү күндөгү айлыгы 15 миңден 25 миң сомго чейин, эң көбү 30 миңге жетерин кошумчалап, мугалимдер үчүн дагы да ипотекалык жеңилдиктерди кароо зарылдыгын белгиледи.
