www
12 май
БШК депутат Темирлан Айтиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Бүгүн, 12-майдагы жыйынында КР Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айтиев Темирлан Тынычбековичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
КР Жогорку Кеңешинин депутаты Темирлан Айтиевдин ырастамасы жараксыз деп таанылат.
Т.Т. Айтиев № 20 көп мандаттуу шайлоо округунан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.
