Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргызстандын трансплантация кызматын мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды
4 июнь

Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргызстандын трансплантация кызматын мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиевдин төрагалыгы алдында трансплантология тармагындагы адистердин, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун, Улуттук хирургия борборунун, Р.Т. Эрдоган атындагы Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын, Улуттук госпиталдын, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун, Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасынын жана башка профилдик саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме болуп өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө «Кыргызстандагы органдарды донорлукка берүү жана трансплантациялоо» аттуу эл аралык симпозиумдун жыйынтыктары каралып, Кыргыз Республикасынын трансплантация кызматын мындан ары өнүктүрүү, улуттук кадрларды даярдоо, илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр менен кесиптик кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.

Медициналык адистердин квалификациясын жогорулатууга, окутуу иш-чараларын уюштурууга, чет өлкөлүк борборлор менен тажрыйба алмашууга жана трансплантология тармагындагы илимий потенциалды чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле Кыргызстандын трансплантологдорунун кесиптик коомчулугунун ишмердүүлүгүн уюштуруу маселелери жана медициналык жардамдын бул багытын өнүктүрүүнүн келечеги каралды.

Кеңешменин жыйынтыгында талкууланган маселелерди өлкөнүн трансплантация кызматын өнүктүрүүнүн алкагында мындан ары иштеп чыгуу үчүн тиешелүү адистерге жана жооптуу уюмдарга конкреттүү тапшырмалар берилди.