Транспорт министрлиги апрелде жүк ташуучу унаалардан 928 миң сом айып пул өндүрүлгөнүн билдирди
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй–Бишкек аймактык башкармалыгы тарабынан Чүй облусу менен Бишкек шаарынын аймагында каботаждык жүк ташууларга карата пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын сактабаган, ошондой эле жүк ташуу эрежелерин жана каботаждык жүк ташуулар боюнча белгиленген нормаларды бузган учурлар аныкталды.
Каботаждык жүк ташууларды жүзөгө ашырган 50 транспорт каражаты текшерилип, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 50 административдик протокол түзүлдү.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жалпы суммасы 928 500 сом өлчөмүндө айып пул өндүрүлдү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
