Бишкекте турак үйдөн өрт чыкты. Жабыркагандар жок
Бишкек шаарынын Логвиненко көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан. Бул тууралуу КР ӨКМден кабарлашты.
Кырсык бүгүн, 24-декабрда катталган. Жерине 2 күжүрмөн эсеп, штаб тартылып, ыкчам чараларды көрүштү. Жалын саат 15:40да толугу менен өчүрүлдү.
Өрттүн аянты болжол менен 30 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.
