Бишкектин бир катар даректеринде 17-сентябрда ысык суу жок болот
сүрөт: depositphotos.com
17 сентябрь

Бишкектин бир катар даректеринде 17-сентябрда ысык суу жок болот

Бишкектин бир катар даректеринде 17-сентябрда саат 08:00дөн 16:00гө чейин ысык суу жок болот, деп кабарлайт мэриянын басма сөз кызматы. 

Жылуулук магистралын реконструкциялоого байланыштуу өчүрүлөт.

Ысык суу төмөнкү даректерде убактылуу өчүрүлөт:

Чүй проспектиси: 39, 41, 43, 45, 47, 43/1, 45/1, 47/1, 49, 51, 53, 55, 57, 59, 61, 63, 65, 67, 69, 71, 73, 75, 77, 79, 53А (дүкөн).

Акылбеков көчөсү: 66, 66/1, 70 (бала бакча), 68 (№52 мектеп), ошондой эле Акылбеков көчөсүндөгү жеке турак жай сектору.

Иштер аяктагандан кийин ысык суу берүү кайра калыбына келтирилет.

«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы тургундардан убактылуу келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.