Быйыл Баткенде 8,7 миң даана изолятор жаңыланат
20 февраль

Быйыл Баткенде 8,7 миң даана изолятор жаңыланат

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин энергетика тармагын жаңылоо жана модернизациялоо боюнча иш-пландарынын алкагында «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы —Баткен электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматы тарабынан 220/110/35 кВ аба чубалгыларында жалпысынан 8 772 даана эскирген изоляторду жаңысына алмаштыруу пландалып жатат.

2026-жылга каралган план-графикке ылайык:

  • 4 200 даана изолятор — Кызыл-Кыя бөлүмү
  • 1 572 даана изолятор — Сүлүктү бөлүмү
  • 3 000 даана изялятор — Баткен бөлүмү тарабынан эскирген изоляторлор жаңы айнек изоляторлого алмаштырылат.

Аталган иштер Баткен электр тармактар ишканасынын 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында уюштурулуп, март айынан тарта ноябрь айына чейин этап-этабы менен ишке ашырылат. Бул иштердин жыйынтыгында жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларынын техникалык абалы жакшыртылып, керектөөчүлөргө электр энергиясын сапаттуу жана туруктуу жеткирүү мүмкүнчүлүгү кеңейет.

Белгилей кетсек, 2025-жылда Баткен электр тармктар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматынын 220/110/35 кВ аба чубалгыларында 7200 даана эскирген изолятор толугу менен жаңысына алмаштырылып, 7513 даана жаңы айнек изоляторлор койулду.