Депутат кошумча тез жардам борборлорун ачып, унааларды көбөйтүүнү сунуштады
Бишкекте тез жардам чакырсаң, бир сааттан кийин гана келет. Бул тыгындан уламбы же унаалардын жетишсиздигиненби, кандай болгондо да маселени чечүү зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.
“Кошунаңыздан сурап көрсөңүз тез жардам канча убакытта келээрин? Тез жардам кызматтарында күнөө жок, күнөө – аларга шарт түзүп бере албаган бизде”, – деди депутат.
МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев саламаттыкты сактоо тармагынын жаңы министри өз тармагын учурда изилдеп жатканын, ал бардык иштерден кабардар болгондон кийин сунуштары менен келээрин билдирди.
“Биз ошентип сүйлөшкөнбүз, тармак тууралуу толук кандуу билгенден кийин өзүнүн сунуштарын тизмелеп мага келет. Кошумча акча каражаттары керек болсо эмдиги жылы карап беребиз”, – деди.
