Элчи Адылбек Тультемиров Эфиопиянын президентине ишеним грамотасын тапшырды
16 январь

Элчи Адылбек Тультемиров Эфиопиянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

2025-жылдын 15-ноябрында Аддис-Абеба шаарында Кыргызстандын Эфиопиядагы элчиси А.Ж.Тултемиров Эфиопиянын Федеративдик Демократиялык Республикасынын президенти Тайе Ацке-Селассие Амде мырзага ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө элчи Кыргыхстандын президенти Садыр Жапаровдун жылуу саламын жана эң жакшы каалоо тилектерин жеткирди.

Кыргызстандын Эфиопия менен эки тараптуу негизде жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары бекемдөөгө даярдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Эфиопиянын президенти элчине Кыргызстандын Эфиопиядагы биринчи элчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, кыргыз-эфиоп мамилелеринин мындан ары да бекемделерине ишеним билдирди.

Президент Тайе Ацке-Селасси Амде ошондой эле Кыргыз Республикасынын президентине ыраазычылык сөздөрүн жана жылуу саламдарын билдирди.