www
9 июль
Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде унаа кыймылы убактылуу чектелет
Бишкек шаарында Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылуулук тармагын алмаштыруу иштери ийгиликтүү аяктады.
Мэрянын маалыматына караганда, ишкананын адистери түтүктөрдү жаңыртышты.
8-июлдан тартып ишкана жылуулук тармагын жаңылоонун кийинки этабына киришти. Буга байланыштуу Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде автотранспорттун кыймылы убактылуу чектелет.
Бул тилкеде диаметри 426 мм болгон түтүктү алмаштыруу пландалууда. Бул жумуштарды аткаруу жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана 2026–2027-жылдарда жылытуу сезонунда тутумдун туруктуу иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
