Кадамжайда алимент төлөбөй жашырынып жүргөн жаран кармалды
24 декабрь

Кадамжайда алимент төлөбөй жашырынып жүргөн жаран кармалды

Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын 35 жаштагы тургуну Т.Э. балдарына төлөнө турган *474 856 сом* алиментти төлөбөй, мыйзамдык жоопкерчиликтен качып, жашырынып жүргөн.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин *178-беренесинин 2-бөлүгү* менен кылмыш иши козголуп, Кадамжай РИИБдин Ж. Садыров атындагы Бөргөндү МАБтын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин негизинде Т.Э. *Кызыл-Кыя шаарынан жашырынып жүргөн жеринен* кармалды.

Азыркы тапта шектүүгө карата тиешелүү *тергөө амалдары* улантылып, юридикалык баа берилүүдө.