видеодон алынган кадр
9 июль
Ош көчөсүндө реконструкция иштери жүрүүдө
Ош шаарындагы Ош көчөсүн кеңейтүү долбоорунун алкагында бузуу жана тазалоо иштери уланууда.
Мэриядан кабарлашкандай, учурда бузулган объектилердин калдыктары ташылып, аймак толук тазаланып жатат.
Ош шаарынын мэриясы тургундардан курулуш маалындагы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.
Үйү бузулган жарандар Эне-Сай жаңы конушунан жаңы батир менен камсыз болууда.
