Маматалиев жаштарды химиялык заттарга болгон көз карандылыктан арылтуу үчүн 12 млн сом сурады
24 декабрь

Маматалиев жаштарды химиялык заттарга болгон көз карандылыктан арылтуу үчүн 12 млн сом сурады

2026-жылга Кыргызстанда жаштарды колдоо багытына 8 миллион сом каралды. Депутат Марлен Маматалиев жаштардын айрымдары химиялык заттарга берилип жаткан азыркы маалда бул сумманы аз деп эсептейт. 

“Жаштар – биздин келечегибиз дейбиз. Бирок азыр химиялык заттарды 2 миңден, 2,5 миңден сатып жатышып, көбү ага көз каранды болуп калышты. Ал эми жаштарды колдоого болгону 8 млн сом каралыптыр. Бул сумманы көбөйтүп, жаштардын химиялык заттарга берилүүсүн токтотуу үчүн алдын алуу иштерин көбөйтсөк кандай болот?” – деди Маматалиев. 

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев сумманы көбөйтүү үчүн ошол багыттагы программа, долбоорлорду сунуштоо керектигин айтты. 

“Долбоорлор болсо, келишсин, карап көрүп, акча каражатын чечип берели”, – деди ал. 

Маматалиев буга көнгөн жок. Ал жок дегенде 12 миллион сом бөлүү керектигин, ортодогу айырма – 4 млн анчалык деле маанилүү сумма эместигин билдирди. 

Касымалиев кандай болгон учурда дагы долбоорлор аркылуу эсеп жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.