Нурдан Орунтаев: Кызматкерлерим миң доллардан кем эмес айлык алышын каалайм
9 июль

Нурдан Орунтаев: Кызматкерлерим миң доллардан кем эмес айлык алышын каалайм

КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев аталган министрликтин кызматкерлеринин эң төмөн айлык акысын миң доллар кылуу кыялы экенин билдирди.

Ал бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде айтты.

“Менин кыялым – кызматкерлерибиз кеминде миң доллардан айлык алуусуна жетишүү. Азыр биздеги айлык акы башка мекеме, министрликтерге салыштырмалуу жогору. Реформанын аркасынан Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаменти өзүн өзү каржылоо механизмине өтүп, эң аз айлык 70-80 миң сомго чыкты. Мындан ары башка департаменттерге дагы реформа жүргүзүп, кызматкерлерибиздин баарына миң доллардан өйдө айлык коюп берсек, бул менин жеке жетишкендигим жана министрликтин ишинин натыйжасы болмок”, – деди ал.

Ошондой эле министрликтин кызматкерлерин Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жардамы менен үйлүү кылуу мүмкүнчүлүгү ачылып жатканын кошумчалады.