Таласта мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы бюрократияны кыскартуу маселеси талкууланды
17 январь

Таласта мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы бюрократияны кыскартуу маселеси талкууланды

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаевдин катышуусунда 16-январда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы бюрократияны кыскартууга багытталган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Жыйындын жүрүшүндө КРнын ченемдик-укуктук актыларына, токтомдоруна жана мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуш-пикирлер талкууланды.

Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда жарандардын көйгөйлөрүн ыкчам жана натыйжалуу чечүүгө тоскоол болгон бюрократиялык көрүнүштөрдү жоюу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чарага Талас шаарынын мэри, райондордун акимдери, айылдык кеңештердин төрагалары, айыл өкмөт башчылары жана жооптуу катчылар катышты.

Жыйындын катышуучулары мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, эл менен түз жана ачык иш алып баруу боюнча пикир алышты.

Жыйындын соңунда Эрмат Жумаев мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын өкүлдөрүн коррупцияга жол бербестен, так жана таза иштөөгө чакырды.

Ал президенттин тапшырмасына ылайык өлкөдө коррупцияга каршы күрөш күчөтүлүп жатканын белгилеп, ар бир кызматкер элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коюшу керектигин баса белгиледи.