Ноокат районунда заманбап бейтапкана курулууда
Ноокат районунун Жаңы-Базар айылында мамлекеттик казынадан акча бөлүнүп 40 койкалуу бейтапкана курулууда.
Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, имараттын курулушу 2023-жылы башталып, учурда курулуштун 70 пайыздык жумуш аткарылды.
Долбоор боюнча бейтапкана үч кабаттан турат. Жалпы аянты 1241 чарчы метрди түзөт.
Курулушу толук бүткөрүлсө жергиликтүү тургундардын бейтапканага болгон муктаждыгы чечилет.
