Транспорт жана айдоочуларды каттоо борборунда ири реформалар жана кадрдык тазалоо иштери жүрүүрдө
20 ноябрь

Транспорт жана айдоочуларды каттоо борборунда ири реформалар жана кадрдык тазалоо иштери жүрүүрдө

Президенттин Иш башкармасына жакында өткөрүлүп берилген Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборунда реформалоо иштери ырааттуу жүрүп жатат. Бул багыттагы иш Президенттин түз тапшырмасына ылайык жүргүзүлүп, буга чейин системалуу кемчиликтер көп болгон бул тармакты толук жаңылоо максат кылынган.

Бүгүн борбордун директорунун төрагалыгы астында Бишкек шаардык филиалынын (Аю Гранд) кызматкерлери менен жумушчу жыйын өттү. Жыйында филиалдагы тартип бузуулар, кезектин көптүгүнөн келип чыккан баш аламандыктар жана кызматтык милдеттердин аткарылышына байланышкан маселелер кеңири талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында кызматтык тартипти системалуу бузган эки кызматкер менен эмгек келишими токтотулуп, бир катар кызматкерлерге тартиптик чаралар көрүлдү.

Бул чечимдер – кимдир бирөөнү жазалоо эмес, тескерисинче жаңы реформанын алкагында борборду толук тартипке салуу, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана коомчулуктун ишенимин кайтаруу үчүн жасалып жаткан кадамдар.

Бул процесстер бир жолку чара эмес. Алдыда да милдетин аткарбай жүргөн кызматкерлер менен кескин чаралар көрүлөт, ал эми мыйзам бузгандар боюнча тиешелүү органдар мыйзам чегинде чара көрөт. Максат – таза, ачык, элге кызмат кылган эффективдүү борборду түзүү.

Учурда борбордо кызматтык тартипти бекемдөө, кезекти кыскартуу, тейлөөнүн ылдамдыгын жана сапатын жогорулатуу боюнча ири масштабдагы иштер жүрүп жатат. Бул жалпы реформанын маанилүү бөлүгү болуп саналат.