Күйөөсү кайнак суу чачып, чет жакка качып кеткен. Оштун тургуну мэрге арыз-муңун айтты
Ош шаарынын тургуну Зарнибо аттуу аял мэрдин кабыл алуусунда үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгонун айтып берди.
Анын айтымында, окуянын кесепетинен оор күйүк алып, узак убакыт дарыланууга мажбур болгон.
Аялдын айтымында, окуя 9-мартта болгон. Күйөөсү анын бетине эки жолу кайнак компот чачып, андан кийин качып кетип, болжол менен азыр ал Өзбекстанда.
Жабырлануучу 27 күн ооруканада жатып, күйүктөн дарыланганын билдирди. Ошондой эле окуядан кийин күйөөсү жана анын туугандары тарабынан эч кандай колдоо болбогонун айтты.
«Төрт балам менен жалгыз калдым. Ооруканага эч ким келген жок, эч кандай жардам болгон жок. Кайнатам болсо: “Каалаганыңды кыл, мен баарын сатып алгам” деп айтты», — деди аял.
Зарнибо ошондой эле Ош шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылганын билдирди.
Анын айтымында, башкармалыктын жетекчиси арызын эки жолу кабыл алып, ишти көзөмөлгө ала турганын айткан. Бирок шектүү ушул убакка чейин Кыргызстанга жеткириле элек.
Өз кезегинде Ош ШИИБинин башчысы бул окуя ага белгилүү экенин билдирди.
Анын айтымында, шектүүнү кармоо жана Кыргызстанга алып келүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
