Депутат: Бишкектин “аң-саң” көчөлөрүн көргөн эл экономикалык өсүштү сезе албай жатат
Депутат Дастан Бекешев эл экономикалык өсүштү сезиши үчүн борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы жолдорду оңдош керек деп эсептейт.
“Айрыкча, кичирайондордогу жолдор такыр каралбай калды. Мэрияга айтсаң, бул жол бизге караштуу эмес дешет. Ушул маселени кантип чечсек болот?” – деди ал.
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул маселени мэрия менен биргеликте карап чечүүнү убадалады.
“Жасалып жаткан иштер көп, ошондой эле жасалчу жумуштар да көп. Мэрияга келерки жылга 6 миллиард сом кошумча каражат берилет”, – деди.
Бекешев Министрлер Кабинети каражаттарды жетиштүү бөлүп жатканын белгилеп, бирок ошол каражат кандай колдонулуп жатканын да байкоого алууну сунуштады.
“Силер берип эле жатасыңар, бирок кандай колдонуп жатышат, аны да караңыздар. Кайсы маселе чечилбесе, эл ошону айта берет. Экономикалык өсүш элге сезилсин десек, жолдорду оңдойлу”, – деди ал.
