2026-жылдын аягына чейин Кыргызстанда 250 чакырым лыжа трассасы курулат
Россия-Кыргызстан Өнүктүрүү Фонду (РКӨФ) ПМЭФ-2026 алкагында Roscongress International аянтчасында өткөн «Кыргызстан — Россия» бизнес-диалогунда инвестициялык кызматташтыктын жаңы стратегиясын сунуштады.
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев эки тараптуу мамилелердин стратегиялык мүнөзүн жана республиканын акыркы төрт жылдагы орточо 10,1% деңгээлиндеги рекорддук макроэкономикалык өсүшүн белгиледи.
«Биз эсептешүүлөр үчүн эл аралык каржы хабын түзүп жатабыз, Камбар-Ата-1 ГЭСин кошкондо гидроэнергетика тармагында ири мегадолбоорлорду ишке ашыруудабыз, ошондой эле континенттеги эң ири тоо-лыжа курортун ишке киргизип жатабыз, анда 250 км лыжа трассалары болот. 2026-жылдын аягына чейин канат жолдору жана негизги инфраструктура толугу менен курулуп бүтөт. Биз узак мөөнөттүү өнөктөштүккө жана инвесторлорду тартууга ачыкпыз», — деп белгиледи Амангелдиев.
РКӨФ Башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков фонд Евразия аймагындагы сактоо (склад) мүмкүнчүлүктөрүнүн тартыштыгын жоюу үчүн лабораториялары жана сертификаттоо системасы бар комплекстүү хабдарды түзүүгө, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолуна интеграциялоого, ошондой эле ЕАЭБ алкагында ЕАӨБ, РЭЦ жана МЭЦ менен өнөктөштүктө биргелешкен өнөр жай зоналарын ишке киргизүүгө көңүл бурарын кошумчалады.
