Ош шаарындагы эски автобазанын мыйзамдуулугу каралат
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдыруусунун алкагында Кайырма каналынын эки бетине курулуп жаткан эс алуу жайын көрүп чыкты, андан ары Монуев көчөсүндө жайгашкан эски автобазанын аймагын кыдырды.
Кыдыруунун жүрүшундө шаар башчысы учурдагы абалы менен жеринен таанышып, аталган автобаза убагында приватташтырылып кетип, азыркы учурда жеке менчикке өткөрүлүп кеткени боюнча маалмат алды.
Буга байланыштуу мэр Жеңишбек Токторбаев объекттин жеке менчикке өтүшүнүн мыйзамдуулугун кылдат карап чыгуу тапшырмасын тиешелүү кызматтарга берди. Эгерде мыйзам бузуу фактылары аныкталса, эски автобазаны кайрадан муниципалдык менчикке кайтаруу жана аны шаар тургундарынын кызыкчылыгына пайдалануу керектигин айтты.
