Оштогу Навои эс алуу жайындагы соода жайлары алынат
16 январь

Оштогу Навои эс алуу жайындагы соода жайлары алынат

Таңкы рейддин жүрүшүндө Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев Алишер Навои атындагы эс алуу багынын ичинде жайгашкан бир канча соода сатык жайларын алып салуу тапшырмасын берип, парк толугу менен жаңыланып, шаар тургундары үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттар түзүлүш керектигин белгилеп өттү.

Ошондой эле азыркы учурда аталган паркта жайгашкан “Палван-Сарай” имаратынын бузуу иштерин мэр жеринен көрүп, бул аймак эс алуу жай болоорун айтты.

Белигей кетсек “Палван-Сарай” имараты мындан 30 жыл мурда курулуп, мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевдин жакындарына таандык болгон. Шаар бийлиги тарабынан мүлк ээлерине объектти оңдоп-түзөө жана иретке келтирүү боюнча бир нече жолу эскертүү берилгенине карабастан, талаптар аткарылган эмес.

Анын негизинде аталган имарат толугу менен буздурулду.