2025-жылы КМШнын биргелешкен операцияларынын жүрүшүндө эки миңден ашык эреже бузуучу кармалган
2026-жылдын 18-февралында Чек ара аскерлеринин командачылары кеңешинин Координациялык кызматында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин чек ара ведомстволорунун, Шериктештиктин өз ара аракеттенген органдарынын жана эл аралык уюмдардын жумушчу түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жыйындын катышуучулары 2025-жылы өткөрүлгөн биргелешкен атайын чек ара операцияларынын (БАЧО) жыйынтыктарын чыгарып, 2026-жылы өткөрүлө турган операцияларды даярдоо жана уюштуруу пландарын такташты.
Иш-чарага Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чек ара ведомстволорунун өкүлдөрү, ошондой эле он төрт эл аралык жана эки илимий-билим берүү уюмунун өкүлдөрү катышты.
Жолугушууну Чек ара аскерлеринин командачылары кеңешинин Координациялык кызматынын төрагасы, генерал-полковник А. Л. Манилов ачып, КМШ мамлекеттеринин тышкы чек араларындагы коркунучтарга каршы биргелешип аракеттенүүнү координациялоонун жана күч-аракеттерди максималдуу бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жыйынга төрагалык кылууга Координациялык кызматтын төрагасынын орун басары, полковник А. М. Турысбаев шайланды.
Баяндамачылар өткөн жылы жүргүзүлгөн БАЧОнун жүрүшүндө мамлекеттик чек ара мыйзамдарын бузган 2 миңден ашуун адам, издөөдө жүргөн 58 адам, террористтик жана башка экстремисттик ишмердүүлүккө тиешеси бар 125 адам, ошондой эле 1,4 миңден ашуун мыйзамсыз мигрант кармалганын белгилешти. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 1,2 тоннадан ашуун баңгизат, 18 даана ок атуучу курал жана дээрлик 2,3 миң даана ок-дары алынган.
Жыйындын жүрүшүндө «Батыш-2026» жана «Дустлик-2026» БАЧОсун даярдоо маселелери такталып, биргелешкен алдын алуу, ыкчам-издөө иш-чараларын жана атайын операцияларды уюштуруу тажрыйбасы алмашылды.
Жумушчу жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар практикалык иш-чараларды өткөрүүдө чек ара коопсуздугуна болгон коркунучтарга ыкчам жооп кайтаруу үчүн колдонулуучу күчтөрдү жана каражаттарды өз убагында координациялоо зарылдыгын белгилешти.
Өткөрүлгөн жолугушуу Шериктештик мамлекеттеринин тышкы чек араларында трансулуттук кылмыштуулукка каршы биргелешкен аракеттерди бириктирүүдөгү кезектеги кадам болду.
