Кыргызстанда жынысын алмаштырууга тыюу салуу сунушталууда
Жогорку Кеңеш 4-июнда биринчи окууда жарандык документтерде жынысты алмаштырууга тыюу салган мыйзам долбоорун карады. Документке ылайык, гендердик өтүү менен байланышкан гормоналдык терапияга жана ар кандай медициналык кийлигишүүлөргө тыюу салынат. Өзгөчө учур катары жыныстык өнүгүүсүндө тубаса аномалиялары бар адамдар гана каралып, мындай чечимдерди дарыгерлер жана сот кабыл алышат.
Депутат Жылдыз Эгенбердиева мыйзам долбоорундагы гормоналдык терапияга жана чет өлкөдө жынысын өзгөртүшү мүмкүн болгон жарандарга медициналык жардам көрсөтүү маселелерин тактады. Саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев Кыргызстанда расмий түрдө жынысын алмаштыруу боюнча бир да операция катталбаганын, бирок медициналык жардам сурап кайрылган ар бир жаран дарыланууга укуктуу экенин белгиледи.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси Болот Сагынаев жынысты алмаштырууну мыйзамдаштыруу укуктук карама-каршылыктарды жаратат жана демографиялык саясат, үй-бүлө укугу, улуттук коопсуздук жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү үчүн тобокелдиктерди алып келет деп билдирди. Анын айтымында, документтердеги өзгөртүүлөр никени каттоого, эне-аталыкты аныктоого, ошондой эле спорт, аскердик милдет, сот адилеттиги сыяктуу социалдык-укуктук тармактарга таасир этет.
Мыйзам долбооруна ылайык:
- адамдын жынысы төрөлгөндө катталган биологиялык белгилерге гана таянып аныкталат;
- жарандык абал актыларында жынысты өзгөртүү таанылбайт;
- жашы жете электерге жыныстык өзүн-өзү аныктоого байланышкан бардык аракеттер тыюу салынат;
- бир биологиялык жыныстагы адамдардын никесине жол берилбейт.
Депутаттар мыйзам долбоорун биринчи окууда колдошту.
