Коопсуздук кеңешинин катчысы менен Өзбекстандын элчиси Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты
7 апрель

Коопсуздук кеңешинин катчысы менен Өзбекстандын элчиси Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 7-апрелде, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялар жана алардын Борбордук Азия аймагына тийгизген таасири боюнча пикир алмашышты, ошондой эле улуттук жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуудагы кызматташууга байланыштуу эки тараптуу актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Адилет Орозбеков менен Саидикрам Ниязходжаев уланып жаткан чыр-чатактарды, алардын кеңейип жаткан географиясын эске алуу менен, азыр Борбордук Азия аймагынын бардык өлкөлөрү үчүн өз ара кызматташууну жана аракеттенүүнү күчөтүү мурдагыдан да маанилүү экенин белгилешти.