Жалал-Абад облусунда 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча облустук коллегия болуп өттү
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин жетекчилиги алдында облустук коллегиянын жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, район жана шаар акимдери, мэрлер, айыл өкмөт башчылары, салык кызматтарынын, билим берүү, социалдык өнүктүрүү, саламаттык сактоо, спорт жана башка тармактардын жетекчилери катышты.
Коллегияда 2025-жылдын январь–сентябрь айындагы социалдык-экономикалык абал жана облустун өнүгүү багыттары, Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын, Чаткал жана Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучулук абалы каралды.
Жалал-Абад облусу боюнча жалпы өндүрүштүк көлөм 41 млрд 458,2 млн сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси 129,2%га жеткен. Өнөр жай тармагында, анын ичинде тоо-кен, нефть жана жаратылыш газын өндүрүү жана кайра иштетүү тармактарында өсүү сакталууда. Кичи жана орто бизнес сектору 5 млрд 921,6 млн сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү 154,6%ды түзгөн. Облустун аймагында 2 199 жаңы ишкана ачылган.
Мамлекеттик бюджеттин киреше планы 16 млрд 724,9 млн сом болсо, аткарылганы 18 млрд 189,1 млн сомду түзүп, 108,8%га жетти. Республикалык бюджеттин аткарылышы 15 млрд 311,6 млн сомду түзүп, план 109,0%га аткарылган.
Ушул жылдын 9 айында облус боюнча 16 жаңы мектеп, 4 мектептин кошумча имараты жана 21 бала бакча пайдаланууга берилген. Ошондой эле, 1-октябрга карата облустагы аз камсыз болгон 2 976 үй-бүлөгө социалдык келишимдин негизинде 150 миң сомдон акча каражаттары тапшырылды.
