Кыргызстан АКШдан санкцияга киргизилген компанияларды тизмеден чыгаруу өтүнүчү менен кайрылды
22 январь

Кыргызстан АКШдан санкцияга киргизилген компанияларды тизмеден чыгаруу өтүнүчү менен кайрылды

2025-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Лесли Вигерини жолугушууга чакырып, «Керемет Банк» ААКсы, «Газпром нефть Азия» ЖЧКсы жана «Мунай Мырза» ЖАКсы компанияларынын АКШнын санкциялар тизмесине киргизилиши боюнча маселелерди талкуулады.

Жолугушуу учурунда Министрдин орун басары М.Абакиров «Керемет Банк» жана жогоруда аталган компаниялардын санкциялар тизмесине киргизилиши боюнча тынчсыздануусун билдирди. Ал Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары кызматташтык боюнча тиешелүү маселелерди америкалык өнөктөштөр менен үзгүлтүксүз талкуулап жатканын белгиледи.

Ошол эле учурда, Министрдин орун басары М.Абакиров кыргыз тарап «Керемет Банк» ААКсы, «Газпром нефть Азия» ЖЧКсы жана «Мунай Мырза» ЖАКсы компанияларынын АКШнын санкциялар тизмесине киргизилишине түшүнбөстүк менен мамиле кылганын белгилеп, бул компанияларды тизмеден чыгаруу өтүнүчү менен кайрылды.

Өз кезегинде, элчи Л.Вигери АКШ аталган кыргыз компанияларын санкциялар тизмесинен чыгарууга байланыштуу өз ара макулдашылган чечимдерди биргелешип издөө үчүн даяр экенин билдирди.