Манас шаарында өзгөчө кырдаалдарга карата даярдык текшерилди
Манас шаарынын “Азаттык” аянтында күн мурун, 30-апрелде жарандык коргонуу кызматтарынын өзгөчө кырдаалдарга карата даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу Манас шаарынын мэриясынан кабарлашты.
Иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уларбек Исмаилов жана Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мекеме-ишканалардын жарандык коргонуу багытындагы даярдыгы текшерүүгө алынды.
Текшерүүнүн алкагында ар бир мекеме-ишкана боюнча жарандык коргонуу иш-пландары, өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттенүү алгоритмдери, кызматкерлердин даярдык деңгээли жана керектүү техникалык каражаттардын жетиштүүлүгү боюнча баа берилди.
Ошондой эле жарандык коргонуу системасын чыңдоо ар бир мекеме үчүн маанилүү экени айтылып, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин азайтууда алдын алуу чараларынын ролу чоң экени баса белгиленди.
Эскерте кетсек, 22–24-апрель күндөрү облус аймагында анын ичинде Манас шаарында жарандык коргонуу абалын баалоо боюнча үч күндүк иш-чара өткөрүлгөн.
