Кыргызстанда альтернативдик кызмат үчүн төлөм 90 миң сомго чейин жогорулатылды
19-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары үчүнчү окууда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алышты. Документ аскердик милдет жана аскердик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган.
Мыйзам жарандардын альтернативдик кызмат өтөөсү үчүн төлөмдөрдүн өлчөмүн жөнгө салат жана аскердик эсепке алуу эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдарды жогорулатат. Жеке жактар үчүн жаңы айып пул 10 миң сомго чейин түзөт.
Мыйзам долбооруна ылайык:
-
Үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча чакырылгандар үчүн альтернативдик кызматтын төлөмү 25 миң сомду, ден соолугунда чектөөлөрү бар жарандар үчүн 40 миң сомду, катталган диний уюмдардын мүчөлөрү үчүн 50 миң сомду түзөт.
-
22–40 жаштагы, аскердик кызмат өтөбөгөн жана мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүнү каалаган жарандар үчүн төлөм 75 миң сом болуп белгиленди.
-
30 жашка чейинки жогорку билимдүү, запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча мобилизациялык резервден өтүп, офицердик наам алган жарандар үчүн төлөм 90 миң сомду түзөт.
Мыйзам ошондой эле Укук бузуулар жөнүндө кодекстин колдонулушунда коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана аскердик милдеттенмеси бар жарандардын аскердик эсепке алуу эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган.
