Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
4 июнь
Кара-Суу районунда буудай жана арпа талааларына мониторинг жүргүзүлдү
Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин Ош жана Баткен облустары боюнча региондук башкармалыгынын адистери тарабынан Кыргыз сорт сыноо ишканасынын Кара-Суу районундагы «Отуз-Адыр» филиалында буудай жана арпа талааларына мониторинг жүргүзүлдү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашкандай, мониторингдин жүрүшүндө эгин талааларынын абалы текшерилип, адистер тарабынан тиешелүү сунуштар жана тапшырмалар берилди. Анын негизинде буудай талааларында сорттук тазалыкты сактоо максатында отоо чөптөрдү жана аралаш өсүмдүктөрдү тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Бул иштер үрөндүн сапатын жакшыртып, таза сорттуулукту камсыздоого багытталган.
