Сузак районунда жаран өз ыктыяры менен ок атуучу куралды милиция кызматкерлерине өткөрүп берди
9 февраль

Сузак районунда жаран өз ыктыяры менен ок атуучу куралды милиция кызматкерлерине өткөрүп берди

2026-жылдын 7-февраль күнү “Арсенал” аталышындагы профилактикалык иш-чаранын алкагында, Күзөт кызматы тарабынан жарандарга курал-жарактар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Сузак районунун тургуну, 1995-жылдын 7-апрелинде туулган С.С.С. аттуу жаран милиция кызматкерлерине кайрылып, өзүнүн билдирүүсүнө ылайык, үйүндөгү сарайды тазалап жатып маркум чоң атасына таандык болгон “ТОЗ-63” үлгүсүндөгү, 16 мм калибрдеги, №42905 сандуу ок атуучу куралды таап алгандыгын маалымдаган.

Аталган жаран табылган куралды мыйзам талаптарына ылайык өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине өткөрүп берди. Бул факты боюнча тиешелүү материалдар чогултулуп, Манас шаардык ички иштер бөлүмүнүн МЭЖге каттоого алынып, андан ары тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Күзөт кызматы жарандарды мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды өз ыктыяры менен тапшырууга чакырат жана мындай аракеттер мыйзам чегинде караларын эскертет.