Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге Ф.Т. аттуу жаран азыр менен кайрылып, анда «Ф.Р.» ЖЧКсынын башкы директору А.Ж. жана анын кызы А.Б.га карата мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранган.
Себеби, ишенимине кирип, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан долбоорго инвестиция салуу деген шылтоо менен 2024-жылдын 26-августунан 2025-жылдын 4-июлуна чейинки аралыкта анын 1 миллион 476 миң 844 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алышкан.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш иштин алкагында Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде шектүү катарында 1972-жылы туулган А.Ж. кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
