Ош ОИИБ: Кара-Сууда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
19 ноябрь

Ош ОИИБ: Кара-Сууда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

2024-жылдын 22-октябрь күнү Кара-Суу РИИБге Ош шаарынын 1996-жылы туулган А.Д. аттуу тургуну арыз менен кайрылган.

Анда 2024-жылдын 31-январь күнү 1992-жылы туулган К.З. аттуу жаран анын ишеничине кирип, 2018-жылы чыгарылган “Cadillak Escalade” үлгүсүндөгү автоунаасын 80 000 АКШ долларга сатып алып, 28 000 АКШ доллар акчасын бербей, из жашырып кеткендигин билдирген.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш- жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2025-жылдын 18-ноябрь күнү кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган К.З. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда шектүү К.З. мындан башка дагы кылмыш иштерге тиешеси бар же жоктугу текшерилип жатат.