"Кудайберген" базарынан өрт чыкты
КР ӨКМ
15 март

"Кудайберген" базарынан өрт чыкты

Бүгүн, 15-мартта Бишкек шаарынын Патриса Лумумбы көчөсүндө жайгашкан "Кудайберген" базарынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 6 күжүрмөн эсеп, ККББдан бир топ жана штаб тартылган.

"Жалын саат 08:52де чектөөгө алынды", – деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.