Айыл чарба министлиги базарларда жана соода түйүндөрүндө мониторинг жүргүздү
19 ноябрь

Айыл чарба министлиги базарларда жана соода түйүндөрүндө мониторинг жүргүздү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштертүү өнөр жайы министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмү 2025-жылдын 19-ноябрындагы аймактагы базарларды жана ири соода маркеттерин кыдырып, негизги тамак-аш продуктуларына баа мониторингин жүргүздү.

Мониторингдин жүрүшүндө бир катар азык-түлүк товарларында баанын айрым өзгөрүүлөрү жана бирдей эмес сатуу баалары байкалды. Өзгөчө эт продукциясы боюнча айырмачылыктарга көңүл бурулду. Тактап айтканда, кээ бир соода түйүндөрүндө жана базардык соода катарларында эттин баасы 650 сомдон 720 сомго чейин өзгөрүп жатканы аныкталды.

Баа айырмачылыктарынын себебин тактоо максатында сатуучулар жана керектөөчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Алардын айтымында, мындай айырмачылыктарга бир катар факторлор таасир этүүдө:

  • малдын жеткирүү баасынын өзгөрүшү;
  • айрым аймактарда сунуштун азайышы;
  • логистикалык чыгымдардын өсүшү;
  • сезондук факторлор.

Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмү баалардын турукташуусун камсыздоо жана негизсиз кымбаттоолордун алдын алуу боюнча ишти улантат. Алдыда дагы кошумча текшерүүлөр жүргүзүлүп, алардын жыйынтыгы коомчулукка маалымдалат.

 Министрлик калк үчүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында рыноктук кырдаалды күнүмдүк негизде көзөмөлдөөнү улантат.