Бекбосун Бөрүбашов Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Бөрүбашов Бекбосун Ишенбекович Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
