
Ош шаары Германия менен эки тараптуу байланышты бекемдейт
Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты, анын ичинде билим берүү, медицина, маданият, спорт тармактарында, миграция жана жумушка орноштурууда өз ара байланыштарды өнүктүрүү боюнча талкуулашты.
Бакытбек Жетигенов шаардын өнүгүшү жана инвестициялык потенциалы тууралуу айтып берип, кызматташууну чыңдоонун алкагында Ош шаарында немис тилин үйрөтүү боюнча атайын борборду ачууну сунуштады.
Немис тарап медициналык мекемелердин ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү жана медицина кызматкерлери үчүн окутуу курстарын уюштуруп, кийин Германияда жумушка орноштуруу маселелерин карап чыгуу сунушун берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашылды