Төрага Шакиев Тажикстанга иш сапары менен жөнөп кетти
10 октябрь

Төрага Шакиев Тажикстанга иш сапары менен жөнөп кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Тажикстанга иш сапары менен жөнөп кетти.

Иш сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Тажикстан Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык конференцияга катышат.

Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Эскерте кетсек, төрага баштаган делегациянын курамында депутаттар Динара Ашимова, Жумабек Салымбеков жана Эльдар Сулайманов бар.