Түп суусунун жээги бекемделүүдө 
7 апрель

Түп суусунун жээги бекемделүүдө 

Түп суусунун жээги бекемделүүдө, деп кабарлайт ӨКМдин Ысык-Көл башкармалыгынын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, жаз, жай мезгилинин келиши менен Түп суусунун деңгээли көтөрүлүп, Кең-Суу жана Сары-Тологой айылдарына айыл чарба жерлеринин жээктерин жеп, коркунуч жараткан.

Учурда атайын техникалар тартылып, болжол менен 500 метр жээк бекемдөө иштерин жүргүзүлдү. Учурда иш уланып атат. Суунун жээги бекемделсе айыл чарба жерлери, токойлор корголот.