Баңгизат каражаттарынын жаңы түрлөрүн мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган мыйзам долбоору сунушталууда
Бүгүн, 3-мартта Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине, «Жарнама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев.
Жыйында баяндама жасаган демилгечи белгилегендей, сунушталган өзгөртүүлөр мыйзам ченемдерин шайкеш келтирүү, ошондой эле «Жаштар арасында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө» Жогорку Кеңештин 2024-жылдын 31-январындагы № 1842-VII токтомун ишке ашыруу жана нормаларына ылайык келтирүү максатында даярдалган.
Жыйында баңгизаттарды жүгүртүүсү жаатындагы учурдагы кырдаал тууралуу маалыматтык видеоролик көрсөтүлдү.
Андан соң депутат Медербек Алиев сунушталып жаткан түзөтүүлөргө токтолуп: «Колдонуудагы мыйзамдарда «баңгизаттар» деген термин колдонулат. Биз бул түшүнүктү кеңейтип, «күчтүү таасир этүүчү заттар, баңгизат каражаттары, психотроптук заттар же алардын аналогдору жана прекурсорлору» деген сөздөргө алмаштырууну сунуштап жатабыз. Сырттан караганда өзгөртүүлөр жөн гана терминологияга тиешелүүдөй сезилиши мүмкүн. Бирок юристтер жакшы түшүнөт, кээде бир үтүр бүтүндөй норманын маңызын өзгөртүп коет. Мисалы, 10-15 жыл мурда «баңгизаттар» деген түшүнүк ошол мезгилге ылайык болгон, анткени баңгизаттардын тизмеси гашиш жана героин менен чектелген. Азыр болсо баңгизат жүгүртүү чөйрөсү кеңейип, күчтүү таасир этүүчү заттардын түрлөрү көбөйдү. Андыктан, мыйзамдык базаны өркүндөтүү заман талабы», – деди.
Талкуу маалында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев министрлик мыйзам долбоорун колдой турганын белгилеп, анын кабыл алынышы баңгизаттарга каршы күрөшүү багытындагы иштерди жакшыртууга өбөлгө түзөрүн айтты.
Депутат Гүлнара Баатырова сунушталган нормаларды колдонуу маселелерин тактап, алардын кабыл алынышы фармацевтика рыногунун өнүгүшүнө таасирин тийгизбейби деген суроо узатты. Эл өкүлү Жылдыз Эгенбердиева көзөмөлдү күчөтүү жана «антикино» сыяктуу жайларды жабуу зарылдыгын белгилеп, алардын ишмердүүлүгү баңгизаттардын жайылышына шарт түзүп жатканын жүйө келтирди.
Муну менен катар депутат Улукбек Карыбек уулу да мыйзам долбоорун колдоп, баңгизат жүгүртүү жаатындагы кырдаал ыкчам жана комплекстүү чараларды талап кыларын белгиледи.
Депутат Айгүл Ахмедованын суроосуна жооп берип жатып, Медербек Алиев мыйзам долбоору «дарыкана наркоманиясы» деп аталган көрүнүшкө каршы күрөшүүгө да багытталганын, сунушталып жаткан термин адамдын аң сезимине оор таасир этүүчү айрым дары-дармектерди да камтырын маалымдады.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.
