Кыргызстанда аймактык КАТЛАБ-борборлорунун тармагы кеңейтилүүдө
Кыргызстанда жогорку технологиялуу жүрөк-кан тамыр борборлорунун — КАТЛАБ-борборлорунун аймактык тармагын кеңейтүү иштери уланууда. Учурда иштеп жаткан бардык борборлор курч миокард инфаркты учурунда коронардык артерияларды диагностикалоо жана стенттөө үчүн зарыл болгон акысыз чыгымдалуучу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыздалууда.
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Улуттук кардиология жана терапия борборунда 3 277 жогорку технологиялуу медициналык кийлигишүү жүргүзүлдү. 2025-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 2 052ни түзгөн.
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында 2026-жылдын беш айында 450 процедура жүргүзүлдү. 2025-жылдын төрт айында 279 процедура аткарылган. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда биринчи жарым жылдыкта 425 процедура жүргүзүлдү. Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча Түштүк аймактык илимий борборунда 124 процедура аткарылды.
2026-жылдын май айында Балыкчы шаарында КАТЛАБ-борбору ачылып, анда буга чейин 170ке жакын процедура жүргүзүлдү.
КАТЛАБ-борборлорунун тармагын кеңейтүү боюнча иштер уланууда. Сентябрь айында Нарын жана Талас шаарларында, ал эми жылдын аягына чейин Кызыл-Кыя жана Кара-Балта шаарларында КАТЛАБ-борборлорун ачуу пландалууда.
КАТЛАБ тармагынын кеңейиши жогорку технологиялуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, бейтаптарды жеткирүүгө кеткен убакытты кыскартууга жана өлкөнүн аймактарында курч миокард инфарктына өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
